Дөөлөт Сыдыковдун ысымы мындан бир нече күн мурун эл арасына чагылгандай тарады. Ал ушул жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт манас айтты.
Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн.
Sputnik Кыргызстан агенттиги манасчы Дөөлөт Сыдыков менен "Манас" эпосу жана жакында өткөн манасчылык боюнча маек курган.
— 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" эпосун айттыңыз. Учурда абалыңыз кандай? Дарыгерлер эмне дешти?
— Элге ыраазымын. Бата берип, алкап-коштоп турганы мага чоң дем болду деп ойлойм. Дарыгерлер башында илим үчүн текшерет элек, балким, жаңы ачылыш болуп калар деп айтышкан. Ошол күнү таңкы алтыда келип, тамырдан кан, ооздон шилекей алып текшеришкен. Бүткөндө дагы эч кимди жолотпой биринчи медиктер кан басымды текшерип, кайра кан алды. Кээ бирөө жандандыруучу укол сайып жатат деп ойлоп калышыптыр. Андай болгон эмес. Азыр абалым кадимкидей эле, жакшымын. Дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыга элек.
— "Манастын" кайсы бөлүгүн айттыңыз?
— Алгач, жомок башынан баштап, Манас атабыздын бабаларын учкай айтып өттүм. Анан төрөлүшүн, бала чагы, эрдиктерин баяндап келип, Ала-Тоону кайра алып, душмандардан бошотордо Кошой бабабыздан бата алат эмеспи, ошол жерге жеткем. Бата алуу үчүн келе жатып Көлгө жеткенде, мени "болду" деп токтотушту.
— Андан ары да айта берет белеңиз?
— Ошол жердеги уюштуруучулар, медиктер "токтотолу" деген чечим кабыл алышыптыр. Негизи андан ары деле айта бермекмин. Ага чамам деле, үнүм деле жетиштүү болчу.
— Бул маанилүү ишке кантип кадам таштадыңыз, канча күн даярдандыңыз?
— Эң биринчи Ат-Башыга, Ысык-Көлгө барып зыярат кылып, руханий жактан даярдандым. Анан жакындаган сайын тамакты тарта ичип, бир күн калганда тамакты токтоттум. Анан денеге азык болсун деп витаминдерди ичтим.
— Манасты айтып жатканда жана айтып бүткөндөн кийин кандай сезимде болдуңуз?
— Манас айтып жатканда чарчаган деле жокмун. Демим деле, кебим деле жакшы эле болчу. Кээ бирөө манас айтканда аябай чарчап калат деп ойлойт. Тескерисинче, энергияң арбыйт. Жан дүйнөдө аруулануу жүрүп, элге дем-күч бергендей, манас айтуучу да кубат алат.
— Манас айтуудагы максатыңыз, биринчиси, элди ынтымакка чакыруу, экинчиси, Гиннестин рекорддор китебине катталуу болду. Идея кимдики эле?
— Үйдө келинчегим (режиссёр Ырыс Окенова – ред.) экөөбүз сүйлөшүп, бышырып жүргөн идея болчу. Бул идеяны демөөрчү Азат Исакуновго келип айттым, ал киши да баш тарткан жок. Андан кийин Элнура Кулуева эжекебиз менен бөлүшүп, "эже, сиз буга чейин бир топ чоң иш-чараларды өткөрүп жүргөнсүз. Жетектеп бербейсизби?" — деп сунуштасак, каякта өткөрөрүбүздү сурады. Башында күн жылуу кезде Таласта өткөрсөкпү деп жатканбыз. Анан ал эже бир аз ойлонуп "азыр борбордук аянтта ушундай окуялар болуп жатат. Кыргызда мындан ары өсүп-өнүү, ынтымак болсун деген изги тилек менен Манас атанын эстелигинин жанында бийик жерде айтылышы керек. Манас — кыргызда кудайдан кийинки эле ыйык, улуу нерсе. Ал бийик жерде, бир чети аянтты аруулап айтылышы кажет", — деди. Элге ар тарабынан көрүнүп турсун деген ой менен айнек боз үйдө отуруп манас айтуу идеясы да эжеге таандык. Ошентип ал ишке ашырылып калды.
— Көпчүлүк манасчылар аян берилгенин же түш көргөнүн айтып калышат. Сиз Манас дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?
— Ооба, кыргызда "аян болбой, баян болбойт" деп коюшат. Чоң аталарым манас айтышкан. Атам да манасчы киши болгон. Мен 7-класста окуп жүргөндө Саякбай атабыз түшүмө кирип "момундай айтып жүр балам" деп улуу дастандан айтып берген. Ошондон кийин көп кирип жүрдү. Манас, Бакай, Күлчоро, Ырчы уул, Семетей аталарыма жолуктурган ушу Саякбай атам болгон деп ойлойм. Түштүн да айтыла турган жана айтылбай тургандары бар. Бул өмүр бою коштоп жүрө турган нерсе экен. Аяндан баш тартып, кабыл албай койсо өмүрү менен кош айтышып же ден соолугу менен жооп берип калган турмуштук окуялар көп эле болгонун билебиз. Мага да тапшырылгандан эле айтып келе жатабыз. Себеби атама берилгенде ал түшүнбөй, убагында кабыл ала албай калган экен. Атам 10 жашында эрте жетим калып, атасы манасчылык өнөрүн баласына өткөрүп бере албай калыптыр. Чоң атам көзү өтөр күнү атам мектептен ойноп келгиче күтүп жатып, үзүлүп кеткен экен. "Атаңгөрү, атамдан жок дегенде 15 жашымда калганымда көп нерсе үйрөнүп, билип калмак экенмин. Жетимчиликтин азабын тартып жүрүп, башынан сылап эл аралатып, өнөрүн өстүргөн киши болгон жок", — деп калчу. Өзү куйма кулак, санжырага, улуу кептерге жакын киши эле. Мен Манас айта баштаганда атам каякта кароо-сынак, иш-чара болсо "бир адамга болсо да айт" деп колуман жетелеп жүрүп, жолумду ачкан ошо киши болгон.
— Кыргызда аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы – хан жакшы дейт. Мындай иш-чарада жубайыңыз, белгилүү режиссёр Ырыс Окенованын колдоосу чоң экени көрүнүп турат. Чынында өзүңүз деле колдоосун сезесиз да?
— Ооба, турмушта негизи аял-эркек бири-бирин түшүнүү менен мамиле кылса жакшы. Сиз айткандай, аял жакшы – эр жакшы деп айтылат. Ырыс деле чыгармачыл адам. Аны деле "аял киши үйдө отурат, иштеп эмне кыласың" деп тыюунун өзү туура эмес. Бул кудайдын мыйзамына деле каршы келгендик. Адамдын көңүлүн караш керек. Ошондой эле экөөбүз "эки бакыр, бир тукур" болуп бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызды колдоп келе жатабыз. Болгондо да ал мени жан-дили менен колдойт. Ушул иш-чарада да уктабай жүрдү. Айнек боз үйдү түндө саат 2-3төр чамасында келип "Ала-Тоо" аянтына орноттук. "Кой, кокуй, сен укта үнүң чыкпай калбасын" деп мага кабатырланып жүрүп аябай чарчады. Ырыска да рахмат, өмүрлүү болсун.
— Буга чейин да "Манас" эпосуна байланышкан Манас, Семетей, Аккула деген аталыштардын арак-шараптын атына коюлушуна каршылык көрсөтүп чыктыңыздар эле. Тилекке каршы, акыркы кезде өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, саясий окуялар болуп кетти. Жыйынтыгы кандай болду?
— Өзүбүздү-өзүбүз сыйлабасак, сырттан эч ким келип "Манастай, Барсбектей бабаларыңар бар экен" деп аздектеп бербейт. Бир акындын "Жакшы кылсаң да өзүңө, жаман кылсаң да өзүңө. Өйдө карап түкүрсөң, кайра түшөт көзүңө" деген сөзү бар. Анын сыңарындай, бабаларды карап түкүрбөй, тескерисинче, аларды баалап, түзөлүп турушубуз зарыл. Бир жыл мурда сиз айткан маселени көтөрүп чыгып куугунтукталганбыз. Убагында президентке чейин кайрылдык. УКМК, ИИМди баш кылып барбаган жер, каккылабаган эшик калган эмес. Бирок ит келдиби, киши келдиби деп эч ким тоготуп койгон жок. Кийин биз "Ата-Мекен" фракциясына кайрылып, партиянын депутаттары көтөрүп чыгуу менен аны Маданият министрлигине тапшырган. Буга пандемия да жолтоо болуп калды. Азыр ал иш Маданият министрлигинде турат.
— Манасчылар "Манас" эпосун элге жайылтууда кылган эмгегиңиздер зор. Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракетиңиздер буга күбө. Эми алдыда кандай долбоор же пландарыңыздар бар?
— Бизге берилген улуу эпосту өмүр бою барктап, даңктап өтүшүбүз керек. "Манас" эпосу манасчылардыкы эле эмес. "Манаста" эч убакта автор болбойт. Анын автору эл болот. Эл катары мындан ары жашайбыз, улут катары миңдеген жылдар кийин да сакталып калышыбыз керек десек, анда азыртадан аракеттенүү зарыл. Мындан тышкары, "Манас" күнүнө карата эл аралык уюмдар менен биргеликте өтүп кеткен залкар манасчылардын өмүр баянын, тарых-таржымалын анимациялык негизде чагылдырып, тасма жасап жатабыз. Буюрса, аяктап калды. Күндөп-түндөп айткан манасчы аталардын басып өткөн жолу өтө кызык. Аларды ага-туугандарынан, жерге-жээндеринен, академиядан барып изилдөөдөбүз. Ал, буюрса, "Манас" эпосун, манасчылардын жолун билебиз дегендерге чоң табылга болот.
— Бизде Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясы ачылган. Манасчылар аталган жайга байланышыңыздар барбы?
— Ал жакта иштеген мугалимдер менен тааныштыгыбыз бар, бирок барып деле аралашкан жокпуз. Ушул улуу эки ысымды алып жүргөндөн кийин, аларга эл аралык деңгээлдеги мыкты иштерди жасаса жарашат. Эми аракет кылып жатышса керек да.
— Гиннестин рекорддор китебине катталууга жыйынтык качан чыгат?
— Ага дагы эки-үч ай керектелет экен. Ал жакта манасчы деген бөлүм жок болгондуктан, эми кеткен билдирүүгө ылайык, атайын бөлүм ачылышы зарыл. Буга чейин хакас, монголдор төрт сааттан ашык ырдап, коко (тамак) менен ырдоону Гиннестин китебине каттатышыптыр. Мүмкүн ошого негиздеп манас айтууну катташабы, билбейм. Ал жактан атайын өкүлдөрдү алып келген жокпуз. Ал үчүн аябагандай көп каражат керектелет экен. Бирок Манас айтуу учурунда "Ала-Тоого" орнотулган камералардын бири — Гиннестин рекорддор китебинин комиссиясына түз алып көрсөтүп берип жатты.