Онколог мээдеги заладуу шишиктин белгилерин атады

17 ноября 2020 Онколог мээдеги заладуу шишиктин белгилерин атады

Онколог дарыгер Михаил Мяснянкин бейтап кайсы учурда токтоосуз медициналык жардамга кайрылышы керек экенин айтты.

Дарыгердин сөзүнө караганда, мээдеги залалдуу шишиктин бир нече түрү болушу мүмкүн: биринчиси – мээнин ткандарында өсүп отурат, экинчиси – бул башка органдан чыккан шишиктин метастазы. Бул учурда оорунун алгачкы стадиясында билүү кыйын болот. Анткени, ал негизинен симптомсуз түрдө өсөт.

“Мээ шишигинин эң көп таралган симптому – баш оору. Вестибулярдык функцияга жооп берген органдар жабыркаган кезде жазууда жана сүйлөөдө көйгөйлөр пайда боло баштайт, сүйлөп жатканда фразалар менен тамгалар калып кетет”, - деп Мяснянкин түшүндүрөт.

Мындай белгилер пайда болгон кезде бейтап тезинен дарыгер менен кеңешүүсү керек. Ошондой эле, тез чарчоо, баш айлануу, кусуу, эсин жоготуу, карышуу, көрүү жана эстөө жөндөмүнүн начарлашына көңүл бурган туура.