Энеси байлык чакырат деп уулунун сүйгөн кызынын жүрөгүн жеп алган

17 ноября 2020 Энеси байлык чакырат деп уулунун сүйгөн кызынын жүрөгүн жеп алган

Нигериядагы салтанат учурунда аял өз уулунун сүйүктүүсүнүн жүрөгүн жеп койгон. Бул тууралуу  Daily Star басылмасы кабарлайт.

Өткөн жылдын декабрь айында Лагос университетинин социология факультетинде окуган 22 жаштагы Фавур Далей-Оладеле аттуу кыз  жоголуп кеткени тууралуу кабарланган. Белгилүү болгондой, кыздын сүйлөшүп жүргөн 23 жаштагы Адееко аттуу жигити ошол күнү аны мейманканага алып барып, баңгизат берген. Андан кийин аны пастор Сегун Филипп башкарып олтурган жергиликтүү чиркөөгө алып барат.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, ошол жерде Адееко кыздын башына урган. Андан ары пастор анын тамагын, көкүрөгүн кесип, ички органдарын, анын ичинде жүрөгүн да алып салган. Андан кийин Филипп өлтүрүлгөн кыздын мүчөлөрүнөн тамак даярдап, аны байлык алып келет деп Адееко менен анын энеси Болага жегизген.

Бирок, Бола өзү кыздын этин жегенин билген эмес. Анткени, уулу тамак козунун ичегилери менен этинен жасалганын айткан.

Басылманын маалыматында, учурда энеси уулу менен камакка алынган.