Табигый үч азык коронавирусту организмден басып коё алат. Иликтөө

16 ноября 2020 Табигый үч азык коронавирусту организмден басып коё алат. Иликтөө

Илимпоздор белгилегендей, респиратордук вирустар алгач адамдын тамагын, кекиртегин жабыркатат.

Ульма университетине караштуу медициналык борбордун молекулярдык вирусология институтунун окумуштуулары коронавирустун патогендерин организмден 97 пайызга чейин басып коё ала турган табигый азыктарды аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Илимпоздор белгилегендей, респиратордук вирустар алгач адамдын тамагын, кекиртегин жабыркатат.

Адистер кара мөмөлүү четин менен анардын ширеси коронавирусту 97 пайызга, көк чай 80 пайызга басаңдата турганын белгилешкен.

Окумуштуулардын айтымында, жаңы сыгылган шире менен көк чай COVID-19ду алсыздандырып коюуга алы жетет. Анткени алардын курамында вируска таасир этүүчү өсүмдүк полифенолдору бар.

Азырынча бул иликтөөгө илимий чөйрө баасын бере элек.

sputnik