Бүгүн Бишкекте аба адаттан тыш булганат

16 ноября 2020 Бүгүн Бишкекте аба адаттан тыш булганат

Экологдордун айтымында, адатта күн сууктаганда абанын булганган массасы жерде калат. Анткени атмосферанын үстүнкү бети жылуу болуп, аба өйдө көтөрүлө албайт.

Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте абанын булгануу деңгээли жогору болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

"Аба бассейнинде зыяндуу заттардын тарап жок болуп кетишине тоскоолдук кыла турган метеорологиялык начар шарт түзүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу абанын кирдеши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Экологдордун айтымында, адатта күн сууктаганда абанын булганган массасы жерде калат. Анткени атмосферанын үстүнкү бети жылуу болуп, аба өйдө көтөрүлө албайт. Мындай көрүнүш температура инверсиясы деп аталат.

Экологдор Бишкектин абасын от жаккан жер үйлөрдөн чыккан түтүн менен автоунаалардын газы булгап жатканын кошумчалашкан.

sputnik