16 ноября 2020
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 735 учур катталды.
Кечээтен бери өлкө боюнча 20 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге ылайык, алардын ичинен эки медкызматкер ооруну кызыл зонада иштеп жүрүп жуктурган.
Коронавирус табылган медиктердин саны:
Баткен облусу – 2;
Бишкек шаары – 7 (кызыл зонадан бирөө);
Чүй облусу – 3 (кызыл зонадан бирөө);
Ош шаары – 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Талас облусу – 3.
Ошол эле учурда өткөн суткада стационардан үч, үй карантининен алты медик чыгарылганы айтылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 735 учур катталды. Анын ичинен 3 499 ак халатчан сакайды.