Анын СЕЗИМИ чынбы? Муну жазган SMSинен билүүгө болот

16 ноября 2020 Анын СЕЗИМИ чынбы? Муну жазган SMSинен билүүгө болот

Детекторсуз эле, анын сүйөрүн... алдап жүргөнүн... көңүлү башкада экенин... сезими жалгандыгын... баарын билүүгө болот.

Адистер адамдын КӨЗүнөн гана эмес, сүйлөгөн сөзүнөн да анын ниетин аныктоого болот дешет. Алардын айтымында, вацапта жазган кыска смстеринен да анын көңүлүнүн ТАЗА же КИР экенин, сезиминин канчалык  чын экенин билүүгө болот.

Психологдор адамдардын вацап тармагында көп колдонгон сөздөрүнө талдоо жасап, мындай дешет:

“Кутман таң!”... “Бейпил түн!”

Эгер дайыма ал биринчи болуп сага “Кутман таң!”, “Бейпил түн” тилесе, анда сени менен сүйлөшкүсү келгени. Бул сөздөр сүйлөшүүгө себеп издегенин билдирет.

“Салам, эмне кылып жатасың?”

Бул смс каттын алдында бир нече ой жатат. Эгер, бул кат күндүз жазылса, сен анын оюндасың. Эгер, күндүз да, түндө да ушундай смс жиберсе, анда сагынганы. Ал эми мындай катты ал дайыма түндө гана жазса, эриккени, кайда барарын, эмне кыларын билгиси келгени.

“Мүмкүн жолугарбыз”... “Кабарлашармын”

“Качан келесиң? Бүгүн жолугабызбы?” деген катына “кабарлашармын”, “өзүм кабарлашам” деген жооп келсе, анда күтпөй эле кой. Анткени, анын жообунда чындык жок. Сага болгон сезими да чын эмес. Анын дал азыр сүйлөшүп жүргөн башка сүйгөнү бар, же сенден да маанилүү иштери жетиштүү.

 “Сен абдан жакшы кызсың”... “Сен сонун жигитсиң”

Вацаптагы жазышуу учурунда ал “Сен абдан жакшы кызсың (жигитсиң)” деген смс келсе, сүйүнбөй эле кой. Албетте, чын эле жакшы болушуң мүмкүн, бирок бул смс каттын уландысы мындай: “... бирок, менде достук сезимден башкасы болушу мүмкүн эмес”, “экөөбүздүн жолубуз эки башка”. Бул смс каттын алдында “экөөбүздүн келечегибиз жок” деген маани жатат.

“Кечир, жооп берүүгө убакым болгон жок”

Жазган смс катыңды ал окуганы менен, жооп 1-2 сааттан кийин же кечинде “Кечир, жооп берүүгө убакыт болгон жок. Кандайсың” деген жооп келсе, анын сезими чын эмес же сенде такыр көңүлү жок. Албетте, эгер бир жолу жооп кечиксе, анда аны түшүнүүгө болот. Ал эми дайыма ал кечиктирип жооп жөнөтсө, анда сен анын оюнда да, жүрөгүндө да эмессиң. Сен “запастагы” адамсың.

Эсиңизде болсун, эгер, анын чын көңүлү болсо, ар убакта сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк таба алат. Жиберген видеолорго, “бейпил түн” тилегиңе “рахмат” деп милдеттүү түрдө жазганы да – анын сезиминин чын экендигин билдирет. Сүйгөн адам ар качан ылдам жооп берет, убактысы жок болсо да жазып эскертет, айтор жоопсуз калтырбайт.