21 жаштагы кыз кыздарды зордуктоо үчүн өзүн эркек деп тааныштырган

16 ноября 2020 21 жаштагы кыз кыздарды зордуктоо үчүн өзүн эркек деп тааныштырган

Сот Лондондун жашоочусун 13 жана 16 жаштагы жаш өспүрүм кыздарга жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштары үчүн сегиз жылга эркинен ажыратты. 21 жаштагы Джемма Уоттс социалдык тармактарда жеткинчектер менен танышуу үчүн өзүн 16 жаштагы Джейк Уатон деп таанышып келген. Бул тууралуу ВВС кабарлайт.

Ал социалдык тармактарда узун чачын баш кийимдин астына катып, кең шым кийген сүрөттөрүн колдонгон. “Джейк” социалдык тармактарда скейборд менен скутер тээп жүргөн видеолорун жарыялап, ага “лайк” баскан кыздар менен сүйлөшүп, жагымдуу сөздөрдү айтат. Жазууларда “Джейк” кыздар менен сүйлөшүп, жарым жыңалач сүрөттөрүн жөнөтүп, кыздарды кездешүүгө көндүргөн.

Соттун жүрүшүндө Джемма Уоттс сексуалдык мүнөздөгү жети кылмыштык эпизодко катышы бар экенин мойнуна алды. Бардык жабырлануучулар өздөрүн эркек менен жыныстык катнашта болгом деп ойлошкон. Көпчүлүгү үчүн бул алгачкы махабаты болгон. Алар полициядан гана Джейктин Джемма экенин билишкен.

Джемма Уоттс ушунчалык жигит кейпине киргендиктен ал жада калса кээ бир кыздардын ата-энеси менен да таанышкан. Полиция кызматкери Филиппа Кенрайттын айтымында, эки жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылган.