Жаш түгөйлөр “Титаник” фильминдеги көрүнүштү кайталайбыз деп сууга чөгүп кетишти

16 ноября 2020 Жаш түгөйлөр “Титаник” фильминдеги көрүнүштү кайталайбыз деп сууга чөгүп кетишти

Индияда колукту менен күйөө бала үйлөнүү алдында фотосессия жасап жатып “Титаник” фильминдеги белгилүү көрүнүштү кайталоого аракет кылышкан. Бирок, бул көрүнүштүн аягы кыйгылуу аяктады. Жаш жубайлар сууга чөгүп кетишти.

28 жаштагы Чандру менен 20 жаштагы Шашикаланын үйлөнүү тою 22-ноябрга белгиленген эле. Алар туугандары менен бирге Кавери дарыясынын жээгинде кооз фотосессия уюштурууну чечкен.

Алар эки кайыкты ижарага алышкан. Кайык жээктен 30 метрдей сүзүп барары менен колукту менен жигит “Титаник” киносундагыдай сүрөткө түшүүгө аракет кылышат. Алар фильмдеги Леонардо менен Кейт Уинслеттин кеменин башында туруп кучакташкан учурун кайталагысы келген.

Кыз бийик такалуу туфли кийгенликтен, тең салмактуулукту жоготуп, кайыктан сууга кулап тушкөн. Чандра сүйүктүүсүн куткарууга аракет кылат, бирок кайык оодарылып, ал да сууга чөгүп кетет.

Кайыкта балыкчы менен жигиттин туугандарынын бири болгон. Балыкчы жээкке сүзүп жеткен. Ал эми тууганын жээктеги адамдар куткарышкан. Алар дароо полицияга кабар беришет. Окуя ордуна келген тартип сакчылары суудан каза болгондордун денесин алып чыгышкан.

Полиция окуянын чоо-жыйын иликтеп жатат.