Теракт жасалышы мүмкүн. Азербайжан элчиси Жапаровдон көзөмөлдү күчөтүүнү суранды

13 ноября 2020 Теракт жасалышы мүмкүн. Азербайжан элчиси Жапаровдон көзөмөлдү күчөтүүнү суранды

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө теракт болушу ыктымалдыгын  билдирди.

Элчинин айтымында, өлкөдөгү өткөөл мезгилди экстремисттик күчтөр пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн.

"Кыргызстанга зыян келтирүү үчүн экстремисттик күчтөр бийлик алмашуу жана өткөөл мезгил учурун пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүндүгүн белгилейм. Кыргызстандын мамлекеттер ортосундагы жана эл аралык мамилесин кыйынчылыкка кептөө максатында, балким дипломатиялык өкүлчүлүктөргө теракт жасалышы ыктымал. Урматтуу Садыр Нургожоевич, буга байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломаттардын резиденциясына көзөмөлдү мындан дагы күчөтүүгө тапшырма беришиңизди суранам", — деди Оруджиев.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн элчилери, ардактуу консулдары, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.

sputnik