Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарга октябрда эл эмнеге толкуганын айтып берди

13 ноября 2020 Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарга октябрда эл эмнеге толкуганын айтып берди

Октябрь айындагы окуялар адилетсиз өткөн шайлоонун натыйжасынан улам болду. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бүгүн Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлөрдүн элчилери, ардактуу консулдар, эл аралык уюмдардын жана Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү менен жолугуп жатат.

"Кыргызстандын эли коррупциядан, укуктун жоктугунан жана топтолгон экономикалык көйгөйлөрдөн тажады. Эл эскиче жашагысы келбей, бийликти кетирүү талабы менен аянтка чыгышты. Кыргыз эли чынчыл жана адилеттүү жашоого болгон укугун коргой алды", — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташып, бийлик 2005 жана 2010-жылдагы окуялардан сабак алды.



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201113/1050412724/sadyr-zhaparov-ehldik-tolkundoo.html