Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй көз жумган келин. Даниядагы окуя

13 ноября 2020 Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй көз жумган келин. Даниядагы окуя

Данияда рак илдетине кабылган аял сүйүктүүсүнө расмий түрдө турмушка чыгып, үлпөт тоюнан  15 мүнөт өтпөй көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Metro басылмасына таянып кабарлаган.

Маалым болгондой, 41 жаштагы Ли Тулин Симосендин мээсинде залалдуу шишик бар экенин дарыгерлер эки жыл мурда эле айтышкан.

"Ошол учурда анын 49 жаштагы Шафф Прабатани менен чогуу жашап жүргөнүнө 10 жыл болгон. Бул жылдар аралыгында ал үлпөт той өткөрүүнү кыялданып, оозунан түшүргөн эмес. Жыл өткөн сайын аялдын көрүүсү начарлап, башы тынбай ооруп турчу. Медиктер ошол жылы аял эки жыл гана өмүр сүрө турганын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Муну уккандан кийин аялдын сүйүктүүсү анын кыялын орундатууну чечип, колун сураган. Былтыркы жылдын август айында түгөйлөр үйлөнүү тоюн өткөрүшкөнү маалым болду. Тилекке каршы, тойдөн 15 мүнөт өтөөрү менен келинчек көз жумган. Аялынан ажыраган киши үйүнөн анча алыс эмес жерге китепкана ачып, ага аялынын ысымын берген. 

sputnik