Кызды унаасынан түшүрбөй кыйкырткан таксист тергөө абагына киргизилди

30 ноября 2018 Кызды унаасынан түшүрбөй кыйкырткан таксист тергөө абагына киргизилди

Кыздын айтымында, 24-ноябрда аны кичирайондордун биринде зордуктоого аракет кылышкан.

Бишкек шаарында кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган таксист Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-ноябрда Instagram тармагына Honda Fit унаасынан кызды түшүрбөй ыйлатып жаткан таксист тууралуувидео жарыяланган. Жардамга келген кишилерди көрүп, жүргүнчү кыз унаадан түшүп чуркап кеткендиктен окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүн болгон эмес.

Кийин Бишкек шаардык милициясы 49 жаштагы айдоочуну кармаган. Окуя 24-ноябрь күнү түнкү саат 1.30дар чамасында шаардын түштүк тарабындагы кичирайондордун биринде болгон.

Аталган факты боюнча "Зордуктоого аракет жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Алексей Вовк