Ушундай АЙМАЛАГАН аялды эркек ӨМҮР БОЮ УНУТПАЙТ

13 ноября 2020 Ушундай АЙМАЛАГАН аялды эркек ӨМҮР БОЮ УНУТПАЙТ

Эркектерге каалаганын “берип” коюу – чон ката.

“Калоосу ошол эле” деп каалаганын “берип кутулган” аял белгилүү бир убакыттан кийин күйөөсүнүн ысык кучагына “чөмүлө” албаса, ага өзү күнөлүү. Себеби мындай: күйөөсүнүн өзүн кандай аймаласын десе, өзү да ошону жасай билиши керек.

Эркектин жыныс мүчөсүнөн башка жагында дагы эрогендик точкалары бар, эркек да өзүн аймалаганды жакшы көрөт.

Кантип дейсизби? Мындай...

Баш, эрин жана кулак

Аялдардыкы сыяктуу, эркектердин да ушул дене мүчөлөрү сезимтал келет. Мисалы, башына массаж жасап, чачтын учу менен кытыгылагандан рахат алган эркектер бар. Ошол сыяктуу, өбүшкөндөн бөлөк, эрдине манжаны тийгизип сыйпалоо, тырмактын учу менен сызып өтүү да эркектин денесине лаззат тартуулайт. Ал эми кулагы өзгөчө эрогендик аймак. Анда көптөгөн сезимтал точкалар бар. Эгер сүйүктүүңүздүн кулагынан өөп, акырын бармак менен укалап, кытыгылап, эстен тандырууга болот.

Бут менен кол

Эркекти алаканы аркылуу дүүлүктүрүүгө болот. Себеби, ал жерде көптөгөн нерв талчаларынын аяктайт. Ошондуктан каалаган жерде сүйүктүүңүздүн алаканын назик гана сыйпаласаңыз, жанына майдай жагат. Ошол сыяктуу эркектин бутунда да сезимтал точкалар көп. Төшөктө ага укмуш сезим тартуулагыңыз келсе, дароо кучакташа кетпей, алгач бутунан баштасаңыз болот. Сыйпалоо, тамандын эр точкасын матыра укалоо менен аягында аз-аздан кытыгылоодон кийин анын рахаттан кантип балкыганын көрөсүз. Тизенин арткы, бүгүлгөн жагына маани бериңиз. Ушул жерди сыйпалап-укалоо да эркектерге майдай жагат.

Эсиңизде болсун! Эркектер буту-колун укалап бергенден эмес, андан ырахат алган аялдарды да эч качан унутпайт.

Курсагы

Ал үчүн эркекте курсактын болушу милдеттүү эмес албетте. Ошол курсак тушун сыйпалоо, чач менен кытыгылап ойноп, өбүүнү абдан жакшы көрөт. Себеби, карын эркектердин басымдуу көпчүлүгүнүн эрогендик аймагына кирет. Ал үчүн киндик айланасынан баштап бармактын учу менен айландыра, диаметрин ар айланган сайын кеңейтип олтуруп жай сыйпаласаңыз, аягына жетпей сизди кучагына алып кулашына ишене бериңиз. Арасында эрин, тил аркылуу да “эркелетип” койсоңуз болот.

Төшү

Эркектердин төшү аялдын эмчегинен да сезимтал десе, ишенет белеңиз?! Анда байкап көрүңүз. Себеби, төшүнө эрин тийип, кол менен аймалагандан эркек эсин жоготот. Ал эми тилдин учу менен эмчектин учун кытыгылоону билет белеңиз? Байкаңыз! Эгер сиздин аракетиңизден төшү көтөрүлө түшүп, дем алуусу күчөп кетсе, сиздин жеңишиңиз!

Эгер башка бирөөнү ойлоп жатпасын десеңиз, анын оюнда өзүңүз гана болгуңуз келсе, анын денесине да колуңуздун ысык табын калтырып үйрөнүңүз. Мындай аймалаган аялды эркектер өмүр бою унутпайт.