Окумуштуулар: жөнү жок тердей берген адамда кооптуу оору болушу мүмкүн

12 ноября 2020 Окумуштуулар: жөнү жок тердей берген адамда кооптуу оору болушу мүмкүн

Борбордук нерв системасындагы дегенерациялык оорулар акырындык менен өрчүп кеткенде киши тынбай тердеп калат.

Эгер адам белгилүү бир себепсиз эле катуу тердей берсе, анда Паркинсон оорусу бар экенинен кабар берет. Бул туурасында Express порталы Американын Паркинсон оорулары ассоциациясына шилтеме берүү менен билдирди.

Мындай илдеттин симптомдору этап-этабы менен өрчүп, анча маанилүү эместей сезилет. Көбүнчө адамдын белинен өйдө жагы ашыкча тердеп турат. Эгер сизде ушундай симптомдор байкалса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылууңуз керектигин эскертет.

Паркинсон оорусу — борбордук нерв системасындагы дегенерациялык илдеттердин акырындык менен өрчүшү.

sputnik