Мушкер кыздардын беттеши ишемби күнү эртең менен TUF 28 Finale турниринин алкагында Лас-Вегаста өтөт.
Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешине атаандашынын салмагынын оордугуна карабай макулдук берди. Бул туурасында КРдин Тайбокс федерациясынан кабарлашты.
Кыргыз спортчусу менен түштүк кореялык мушкер Жи Йон Кимдин жеңил салмак категориясындагы кармашы TUF 28 Finale турниринин алкагында Лас-Вегас шаарында өтөт. Таразага түшүү иш-чарасында Шевченко 56,47 килограмм чыкса, атаандашы 59,19 килограммды көрсөттү. Башкача айтканда, кореялык спортчунун салмагы 2,7 килограмм ашыктык кылды.
"Атаандашымдын салмагы бир топ эле оор, үч килограммга чукул ашыкча. Албетте, беттеште ал салмак жагынан артыкчылык кылышы мүмкүн. Мен көптөн бери салмагымды түшүрүп келем, каршылашым жөн гана денесин "катырып" коюптур", — деди Шевченко салмакка түшкөндөн кийин.
Анын айтымында, атаандашынын салмагы өзүнөн оор экени билингенден кийин беттештен баш тартып коюуга мүмкүнчүлүгү болгон.
"Мен уюштуруучу тарап менен күйөрмандардын ишеничин актагым келди. Бул кармашты кабыл алам, корей кыздын айла-амалы менден кутулууга жардам бербейт. Мен өзүмдүн эмгегимди жана командамдын жардамын баалайм", — деп белгиледи Шевченко.
Кыргызстандык спортчунун каршылашы Жи Йон Ким UFC уюмунда үч беттеш өткөрүп, эки жолу уткан.
Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Жоомарт Ураимов