Ойношу боюна бүтүп калган көңүлдөшүн тирүүлөй өрттөп жиберди

12 ноября 2020 Ойношу боюна бүтүп калган көңүлдөшүн тирүүлөй өрттөп жиберди

19 жаштагы бразилиялык жигит кош бойлуу сүйүктүүсүн унаага салып, өрттөп жиберген, деп The Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Жигит өзүнөн боюна бүтүп калган көңүлдөшү менен анын курбусун унаага салып өрттөп жибергени үчүн соттолду. Агрессивдүү аракетин ишке ашыруу үчүн ага дагы төрт адам жардамдашкан.

Эллен Присцила Феррейранын боюна бүткөнүнө төрт ай болгондо курбусу экөөн 19 жаштагы жигити Эли Карлос менен Сантос унаанын ичинде тирүүлөй өрттөп жиберишкен.

Бразилиядагы G1 маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, 19 жаштагы жигиттин үй-бүлөсү, кош бойлуу аялы бар эле. Ал камакка алынгандан кийин күнөөлүү экенин, ага аялы жардамдашканын мойнуна алган. Жубайлар кыз аборт кылуудан баш тарткандан кийин ушул кылмышка барганын айтышат.