Эркек аборт жасатуудан баш тарткан сүйүктүүсүн тирүүдөй өрттөп жиберди

12 ноября 2020 Эркек аборт жасатуудан баш тарткан сүйүктүүсүн тирүүдөй өрттөп жиберди

19 жаштагы бразилиялык эркек кош бойлуу сүйүктүүсүн унаага салып, өрттөп жиберген, деп The Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Эркек өзүнөн боюнда болуп калган көңүлдөшү менен анын курбусун унаага салып өрттөп жибергени үчүн соттолду. Агрессивдүү аракетин ишке ашыруу үчүн ага дагы төрт адам жардамдашкан.

Эллен Присцила Феррейранын боюнда болгонуна төрт ай болгондо курбусу экөөн 39 жаштагы Эли Карлос менен Сантос унаанын ичинде тирүүдөй өрттөп жиберишкен.

Бразилиядагы G1маалыматтык агенттигинин маалыматында 19 жаштагы шектүү жана анын 36 жаштагы кош бойлуу аялы камакка алынгандан кийин күнөөлүү экенин мойнуна алган.

Жубайлар Феррейра аборт кылуудан баш тарткандан кийин оор кылмышты уюштурганын айтышты.

Эллен Присцила Феррейра 17-октябрда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өзүнөн наристе күткөн 19 жаштагы кызды үйлөнгөн жигит тирүүдөй өрттөп жиберген. Полиция төрт адамды кармады.