12-ноябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймакатарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 5…10;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 8…10 градус болот.