Кыздар, ушул 5 сөздү айткан эркек менен байланышты ҮЗ

11 ноября 2020 Кыздар, ушул 5 сөздү айткан эркек менен байланышты ҮЗ

Психологдор жигиттин айткан сөзүнө карап, кыз-келиндер аны билип алат дешет. Жүрүм-турумуна, ар бир кыймылына, ал тургай бетиндеги мимикасына карап адамдын кандай экенин таанып билген адистердин айтымында, жигиттен кандай күйөө чыгарын анын сөзүнө карап аныктоого болот.

Сезимин билдирип, сөзүн сүйлөп же эми гана тааныша баштаган жигиттин көп колдонгон жана башкалар жөнүндө айткан сөздөрү аркылуу ар бир кыз анын ички жан дүйнөсүнө үңүлө алат, дейт адистер. Буга байланыштуу психологдор мисал катары жигитти билүүгө жардам берген төмөнкү 5 сөздү сунушташат.

1. “Ар ким өзүнө төлөшү керек”

Эгер, сизге жашы алда канча улуу эркек ашыктык сөздөрүн айтып, бирге өмүр сүргүсү келерин билдирсе, ал акчасын корото турган жерлерге көбүрөөк барууга аракет кылыңыз. Биринчи күнү кафеде акчаны ал төлөйт. Экинчи, үчүнчү жолу да ал чөнтөгүнөн акча чыгарар, бирок кийинкиде киного барганда бир гана билеттин баасын төлөп, “ар ким өзүнө төлөсүн” деп тамашалашы мүмкүн. Психологдор аялга акча коротууда сараң жана “Ар ким өзүнө өзү төлөсүн” дегенди айткан эгоист эркектердин махабатта да сараң болорун эскертишет.

2. “Тез айыгып кет! Кийин кабарлашам”

Ал үчүн калптан ооруп, жигитти сынап көрүңүз. Албетте, чынында оорубай эле коюңуз. Сүйүктүүңүздүн сөзүнө иши дал келеби, сынап көрүү үчүн жалган “ооруп калууга” туура келет. Ошондо так аныктай аласыз. Психологдор ооруп калганыңызга жигит кезинде тынчсызданбаган эркектен үйлөнгөндөн кийин жылуу сөз, камкордук күтүү бекер экенин айтышат.

3. “Менден башка кимге керексиң?!"

Көбүнчө манипулятор-эркектер “Сен менден башка кимге керексиң?”, “Менден башка эч ким сага үйлөнбөйт!” деген сөздөрдү колдонушат. Аялдардын кээ бири буга маани бербесе, кээ бири чын эле ишенет.

Психологдор эркек аялды дайыма өзүнөн төмөн кармоо үчүн, өзүнөн башканы издебесин деп, ошондой эле айткандарынын баарын аткартып, аялдын эсебинен жашоо максатында айтат дешет. Мындай сөздү үйлөнбөй жатып айткан жигит күйөө болгондо да баалабайт.

4. “Өзүң жетип аларсың... Таксиге олтуруп келе берчи...”

Кинодон же тойдон кайттыңыздар дейли, ал үйүңүзгө чейин жеткирип барабы? Буга көңүл кош карабаңыз. Эгер, жигит таксиге олтургузуп “Жакшы жетип ал” десе, унаасы бар болуп туруп “кыйналып турам, өзүң жетип аларсың” деп айтса, анда анын сизде көңүлү жок. Же жоопсуз.

Психологдор эгер жигит кезинде ушундай мамиле жасаган эркекке турмушка чыксаңыз, анда үй-бүлөнүн бардык жоопкерчилигин, кыйынчылыгын өз мойнуңуз менен көтөрүүгө даяр болуңуз дешет.

5. “Үйлөнүү азыр планымда жок... Кийин...”

Эгер жигит “Үйлөнүү азыр планымда жок” деген сөздү көп айтса жана келечекке түзгөн планы менен кыялын айтканда, ал жерден өзүңүздү таппасаңыз, анда убактыңызды куру кетирбей эле койгон туура. Чындыкка тике карай билиңиз.

Мындай сөздү айткан жигит такыр үйлөнбөйт же жубайына болгону балдарынын энеси же энесинин келини катары карайт. Ал эми өзү кызыкты сырттан издеп, өмүр бою сулуу селкилер менен көңүл ачып, сайран курат деп психологдор болжолдошот.