Окумуштуулардын изилдөөсүндө коронавирус инфекциясын жеңил көтөргөн бейтаптардын арасында бул симптом байкалган.
Коронавируска кабылган бейтаптардын айрымдарынын кулагы бүтөт. Бул тууралуу РИА Новостиге Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная айтып берген.
"Кулактын бүтүшү — COVID-19 оорусунун өтө сейрек кездешүүчү деле симптому эмес", — деген ал.
Агенттиктин маектеши Түркияда жүргүзүлгөн изилдөөгө таянган. Анда окумуштуулар COVID-19 менен ооруган 172 бейтаптын симптомдорун анализдеп чыгып, 31 кишиде (18 пайыз) кулак бүтүп калган белги бар экенин билишкен. Ошол эле учурда мындай симптом вирустун жеңил түрү менен ооругандардын 12 пайызында байкалган.
COVID-19: вирусолог кырдаал качан жакшырарын боолголоду
Пшеничнаянын айтымында, бул симптом курч кармаган вирустук инфекцияларда да кездешиши мүмкүн. Адис эгер кулак бүтүп калса, ал бир нече күндө кетпесе дарыгерге кайрылуу керектигин кошумчалаган.