Ичегини жакшы иштетип, бетти тазартат. Организмге пайдалуу азык аталды

5 ноября 2020 Ичегини жакшы иштетип, бетти тазартат. Организмге пайдалуу азык аталды

Тамакка кебекти кошуп жегенде ал организмде пайдалуу бактерияларды азыктандырып, В, K витаминдери жана бакыт гормону болуп эсептелген серотонин бөлүнүп чыгат.

Буудай, сулуу жана арпанын кебектери ичегини жакшы иштетүүгө жардам берет. Андыктан аны тамак рационуна сөзсүз кошуу керек. Бул тууралуу РИА Новости диетолог Ольга Деккердин айтымына таянып кабарлады.

Дарыгер кебек организмге пайдалуу экенин айтып, анын артыкчылыктарын санап берди.

Ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат;

Бат-баттан заңдап турууга жардам берет, башкача айтканда, ичти катырбайт;

Өттүн иштөөсүн да жакшыртат;

Пайдалуу бактерияларды азыктандырат. Алар В, K витаминдерин жана бакыт гормону болуп эсептелген серотонинди бөлүп чыгарат;

Бетти тазартат.

"Кебектин эң жакшысы — майдалангандары. Аларды йогурт, салат, котлет жана нанга кошуп жесе болот", — деди адис.

Диетолог кебекти туура тандоонун жолун да айтып берген.

"Кебекти тандоодо ага ун кошулганбы же жалаң эле кабыгы сатылып жатабы, ушуга көңүл буруу керек. Ошондой эле курамындагы углеводдун көлөмүнө да маани берүү зарыл. Углевод канчалык аз болсо, ошончо жакшы жана пайдалуу", — деди Деккер.

Буга чейин онколог Елена Смирнова кабакча жашылчасы (кабачок) ичеги-карыны жакшы иштебей жаткандарга миңдин бири экенин белгилеген.

sputnik