Балбак Түлөбаев ошондой эле түнкү клубдарды да жабууну сунуш кыларын айтты. Буга карата чечим 5-ноябрда чыгары күтүлүүдө.
Бишкек шаарынын бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабууну караштырып жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал тойкана ээлерине кайрылып, эскертүү берди.
“Коронавирус кооптуу болуп жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой жатасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган адам экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге! Элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлонуп жатабыз. Болдугула да эми.
Сураныч. Өтүнүч. Эл бизге талап коюп жатат”, — деди Түлөбаев.
Мэрдин милдетин аткаруучу маалымат берип жатып, бул боюнча чечимди вице-мэр Айжан Чыныбаева башында турган комиссия кабыл аларын билдирди.
“Мен түнкү клубдарды да жабууну сунуш кылам, биз байланыштарды азайтышыбыз керек. Компьютердик клубдарга балдарды киргизбеш керек. Бул маселени да карайбыз”, — деген Түлөбаев.
Анын айтымында, Арча-Бешик конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда күндүзгү стационар ачылат.