Боюна бүтүп калган кыздын башын атасы менен агасы кесип салышты

5 ноября 2020 Боюна бүтүп калган кыздын башын атасы менен агасы кесип салышты

Индиянын Уттар-Прадеш штатынын Шахжаханпур шаарында атасы менен уулу менен 16 жаштагы кызын муунтуп, башын кесип салышты.

Кыздын денеси 6-октябрда табылган деп The Times of India басылмасы жазат.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумду 23-сентябрдан бери эч ким көрбөгөнү белгилүү болгон. Туугандары кыздын жоголуп кеткени тууралуу кабарлаган эмес. Маркум кыз туугандары менен чогуу жашаган.

Кийинчерээк атасы кызын өлтүргөнүн мойнуна алып, кызы үй-бүлөсүн уятка калтырганын, мындай кылмышка намыстангандыктан барганын айтат.

Жергиликтүү полициянын айтымында, турмуш кура элек кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу ушактар маркумдун үй-бүлөсү турган айылга тарап кеткен. Үй-бүлө мүчөлөрү кыздын боюна бүтүп калганы үчүн намыстанышкан.

Кыз өзүн зордуктаган адам тууралуу эч кимге айткан эмес. Ичи чоңоё баштаганда айыл жашоочулары анын боюнда бар экенин билишкен.