Бишкекте үч эм төрөлүп, аларды Садыр, Жапар, Нуркожо деп аташты

4 ноября 2020 Бишкекте үч эм төрөлүп, аларды Садыр, Жапар, Нуркожо деп аташты

Үч эркек уул 29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарык дүйнөгө келген. Алардын апасы болгону 21 жашта экени айтылды.

Бишкекте үч эм төрөлдү. Эркек балдарга Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысымдар ыйгарылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте үч эм төрөлдү. Эркек балдарга Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды.

Билдирмеге ылайык, салмактары 2,2 килограмм, 2,3 килограмм жана 2,5 килограмм болгон үч эркек уул 29-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын энеси 21 жашта экени айтылууда.

Бүгүн алар төрөтканадан үйлөрүнө чыгарылган. Туугандары наристелердин ысымдарын Садыр, Жапар жана Нуркожо койгонун айтышкан.

sputnik