Камчы Көлбаев абакта калат. Жактоочулары доо арызын артка чакыртып алды

3 ноября 2020 Камчы Көлбаев абакта калат. Жактоочулары доо арызын артка чакыртып алды

Көлбаевдин жактоочулары райондук соттун аны тергөө абагына киргизүү чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралган жок.

Буга жактоочулардын берген арызын кайра артка чакыртып алганы негиз болду.

Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, иш тергелип бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Көлбаевдин адвокаттары буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Мындан улам кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү доо арызы бүгүн шаардык сотто саат 9.00дө каралмак.

sputnik