Индиялык серепчи: Орусия, Индия жана Кытай улуттук валюталарда соодалашуу жөнүндө макулдашуу түзө алышат

29 ноября 2018

Вашингтондун долларды курал катары колдонуусу жакында аягына чыгышы мүмкүн: көпчүлүк өлкөлөр андан баш тартып, соодалашуу үчүн альтернативдүү валюталарды издеп жатышат. Мисалы, Индия орусиялык С-400дү сатып алууда рубль менен эсептешет, Кытай менен Орусия да улуттук валютада соодалашуу жөнүндө сүйлөшүүнү ниеттенип жатат. Тиешелүү макулдашуу ушул жалдын аягына чейин түзүлүшү мүмкүн. Дүйнөдө эмне себептен доллардан баш тартып жатышкандыгы, ошондой эле ал кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүндүгү жөнүндө Ассамадагы Ноугонг университетенин саясат таануу кафедрасынын доценти Срипарна Патак айтып берди.

- Патак мырза, Москва, Пекин жана Нью-Дели өзүнүн мисалы менен дүйнөгө кантип доллардан кутулуу керектигин көрсөтүп жатышат. Бул өлкөлөр сырткы сооданы доллардан арылтуу менен бул өлкөлөр кандай пацда табышат?

- Долларды глобалдуу резервдик валюта катары алмаштыруу аракети мурунтан эле башталган. Бирок, бир дагы валюта азырынча жакшы альтернатива боло элек. Мындан улам АКШ долларды курал катары пайдалана алат, мунун мисалы Трамптын Иранга каршы санциялары боло алат. Америкалык президент Иран менен долларда иш жүргүзгөн кандай гана компания болбосун, санкцияга туш болорун эскертти. Ирандан тышкары, бир нече орусиялык компанияларда американын санкциясына туш болду. Мындай кырдаалдарда доллардан бш тартуу жакшы вариант болуп саналат. Кытай ушул жылы орусиялык С-400дү доллар менен сатып алганы үчүн санкция киргизилди. Индия, Орусия жана Кытай – ушул үч өлкөнүнү ичинен биринчиси гана Трамтын каарынан качып кутулду. Долларга карата индиялык рупийдин баасып түшүп кеткенин эске алганда, азыр Индиянын улуттук валютада эсептешүүгө өтүүсү эч кандай натыйжа бербейт. Бирок, бул узак мөөнөттүү келечекте пайдалуу болушу үчүн, Индия өзүнүн казнасын кайрадан алтын менен толтура баштап, көтөрүңкү баада турган башка өлкөлөрдүн валютасына салым жасашы керек.

Акыркы жылдары Кытай аз дегенде 1842,6 тонна көлөмдө алтын сатып алды. Расмий маалыматтар боюнча, Орусия 1857,7 тонна алтын жыйнаган. Эки тарап тең азыркы учурда дүйнөнүн алтын запасынын 10%ын сатып алышты. Индия тууралуу муну айтуу кыйын. Ошондуктан, улуттук валютада соодалашуу боюнча өз ара пайдалуу сакулдашуу үчүн Индия алгач зарыл болгон алтындын запасын топтоп алышы керек.

Индия доллардан баш тартуу менен ээ болгон артыкчылыгы Орусия менен Кытай ээ болгон артыкчылыктан айырмаланат: ал баарынан биринчи саясий эмес, экономикалык болот. дипломатиялык көз караштан алганда Нью-Делинин АКШ менен болгон мамилеси Кытай менен Орусияга салыштырмалуу жакшы. Индия өзүнүн сырткы саясатында стратегиялык автономияны карманып келет. Ошондуктан, доллардан баш тартуу анын АКШга кандайдар бир белги берүүсүн түшүндүрбөйт. Мундай макулдашуу түзүүдө Нью-Делис үчүн негизги себеби санкциядан айланып өтүү же репийдин тез девольвациясынн коргонуу каалоосу боло алат.  

Орусия, Индия жана Кытайдын ортосунда улуттук валютада соодалашууда жөнүндө макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгү сакталып келет. Бирок, логистикалык көз карашта ал функционалуу болушу үчүн көп убакыт керек болот.

Мисалы, Кытайда рубль бар жерде индиялык рупийди да табууга болот, доллар мурункудай эле чет элдик валюта бойдон калып келет. Трейдерлер эсептешүү үчүн азыр деле долларды тандап жатышат, анткени экспорттолгон товар жүктөлгөн кеме өзүнүн белгиленген чегине жеткен учурда башка валюталар арзан болуп каларын жакшы билишет.

- Менимче, эсептерди улуктук валютада ачуу өнүгүп келе жаткан экономика үчүн келечек ачабы? Алар дүйнөнү доллардын гегемониясын куткарып калууга жөндөмдүүбү? Улуттук валютадагы эсептешүүлөргө кайсы өлкөлөр кошулууга даяр?

- Эгер президент Трамптын аракети көп тараптуу мамилелерден кетүү болсо жана анын санциялар саясаты улана берсе, көпчөлүк өлкөлөр эсептешүүдө улуттук валютасына өтүп кетет деген чоң божомол бар.

Айрым өлкөлөр бул системасы өтүп кетишти. Кытай Сауд Арабиясына нефти үчүн юань менен эсептешет. Эгер бул тенденция сакталып калса, ОПЕКтин башка өлкөлрү аны улантып кетишет. Венесуэла өзүнүн нефтисин доллар менен сатпай калды. Улуттук валютада соодалашуу жөнүндө макулдашуу Кытай жана Казакстандын (2014-жылы), Кытай менен ТАРдын (2015-жылы), Түркия менен Орусиянын (2017-жылы) түзүлгөн. Ошондуктан, доллардан баш тартуу процесси ишке эбак кирген. Долларды колдонуу үчүн мындай макулдашуулар кандай натыйжа берерине байкоо жүргүзүү гана калды. Анткени, эл аралык эсептешүүлөрдүн 80%дан ашыгы дал ушул валютада жүргүзүлөт, ал эми АКШнын ИДӨсү дүйнөлүктөн 22%ды түзөт.

- Евразиялык экономикалык биримдик үчүн доллардан баш тартуунун натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

- ЕАЭБ жөнүндө макулдашуу макроэкономиканы жана валюталык саясатты координациялоо жолу менен экономикалык интеграциянын тереңдетүү зарылдыгын карайт. Доллар жүгүртүүнүн деңгээли жогору болушу биримдиктеги монетардык координация үчүн материалдык тоскоолдук бойдон калууда, ал монетардык саясаттын натыйжалуулугун төмөндөтөт. Ошондуктан, валюталык интеграцияга доллар жүгүртүүнү төмөндөтмөйүнчө жана улуттук валютаны колдонууга жетүүгө мүмкүн эмес. биримдиктин кыйла интеграцияланган экономикасы Индия үчүн жакшы болмок, Нью-Дели биримдик менен эки тарап сүйлөшүп алышкан валюта менен соодалаша бермек.

- Доллардан баш тартуу кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесине таасир этиши мүмкүнбү?

- Кытай көп сандагы өлкөлөр үчүн санкцияларды жана тарифтерди киргизди.

Кыйла маанилүү чаралар Кытай, Пакистан, Иран, Түркия жана орусияга каршы киргилди. Эгер санкция алданда жүргөн өлкөлөрдү картада белгилесе, белгилүү бир түзүм тартылат – ал мамлекеттердин баары “Бир алкак – Бир жол” демилгесинин бөлүгү болуп саналат.

Өлкөлөр жакында эле сооданы жана чийки нефтиге келишимдерди юанда белгиленбеген алтын менен соодалашууну баштады. Алар азыркы долларга негизделген монетардык система жана 1973-жылы АКШ менен Сауд Арабиясы тарабынан киргизилген нефтедоллардык система үчүн потенциалдуу коркунуч жаратат. Мындай доллардан баш тартуу жогоруда аталган өлкөлөргө АКШнын санкциясынан кутулууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, эки тараптуу соодалашууда юандын жайылуусун күчөтөт. Акыркы эсепте, ал натыйжада кытай юанын интернационалдаштырууга алып келет. Өзгөчө, “алкак жана жол” өткөн өлкөлөрдө. Бул кытай демилгесине пайда аган алып келет.

- Сиз Чыгышта бирдиктүү валюта киргизүү деясына кандай баа бересиз?

- Бул ролго талапкер болгон жалгыз валюта болуп кытай юаны саналат. Эларалык валюталык фонд бул валютаны атайын укуктар корзинасына кошкон, бул юанды дүйнөдөгү ишенимдүү валюталардын бири кылат.

Эл аралык соодада юань тарапка болгон жылуу Кытай үчүн пайдалуу болмок. Пекин өзүн АКШга туруктуу жана ишенимге ээ болгон альтенатива катары көрсөтө баштады. Бирок, Кытай өзүнүн валютасын экспорт менен экономикага түрткү берүү үчүн девольвациялап жатканы белгилүү. Юань менен соодалашууну көбөйтүү анын баасын жогорулатат, бул кытай өкмөтүн бийликти рыноктук күчтөргө өткөрүп берүүгө мажбурлашы мүмкүн. Бул ага жакпай калышы толук ыктымал.  

Кытай үчүн өзүнүн валютасын глобалдуу кылуу бир эле учурда аны ийкемдүү кылуу, финансылык рынокту кеңейтүү жана зарыл болгон банктык реформаларды киргизүү менен айкалышкан. Реформаланган кытай экономикасы Индия үчүн кыйла так соодалашуу дегенди билдирет. Индия акыркы он жылдыктын аралыгында Пекин менен соодалашунун жоктугунан жабыр тартып келген. Бирок, эгер Кытай юанды, АКШ өзүнүн валютасы менен жасап жаткандай, курал катары колдонсо, бул Индия үчүн жаман жаңылык болот. Анын Кытай менен экономикалык, аскердик жана дипломатиялык проблемасы бар.  

- АКШ Иранга каршы санкциялардын топтомунун экинчисин киргизди. Бирок, айрым өлкөлөр, алардын катарында Кытай менен Индия, санцияларды аткаруудан 180 күнгө бошотулду. Эмнеге АКШ ушул өлкөлөр үчүн жеңилдик берди?

- АКШ мурун өлкөлөрдү, анын ичинде Индияны дагы, 4-ноябрда ирандын нефтисин сатып алууну токтотушу керектиги жөнүндө эскерткен эле. Бирок, ал өзүнүн позициясын жумшарып, рыноктон иран нефтисинин толук жок болушу нефтиге болгон баанын өсүшүнө алып келгендеги фактыны эске алды окшойт. Ошондуктан, Индия менен Кытайды кошкондо сегиз өлкө санкцияларды төлөөдөн убактылуу бошотулду.

Индия Ирандагы Чехбехар стратегиялык портун өнүктүрүп жатат. АКШ бул порт натыйжада Ооганстанга стратегиялык узак мөөнөттүү пайда алып келет жана аны калган дүйнө менен мыкты байланыштырат экендигин түшүнөт. Индия АКШдан портту өнүктүрүүгө уруксат сураган, ал согуштан жабыркаган Ооганстан менен соодада байныштыруучу звоно болот экендигин көрсөткөн.

- Индия Орусиядан С-400 ракеталык комплексин сатып алгандан кийин америка-индия мамилеси кандай абалда калды?

- Стратегиялык автономия Индиянын сырткы саясаты үчүн ар дайым башкы орунда болчу. Ал кансыз согуш учурунда Индия кайсы бир тарап жакка турбаганынан билинген, бүгүн ал АКШ менен да, Орусия менен да достук мамилени сактап калды. С-400дү сатып алуу – бул дагы Индиянын сырткы саясатта стратегиялык автономияны көрсөтүү. Бул бүтүмдү ишке ашырып, Нью-Дели өзүнө Трамптын каарын чакырып алды, ал Индия ага санкциялар колдонулабы, жокпу жакында билет деп билдирди.

Анткен менен, Индия үчүн жеңилдик берилип, санкциялар колдонулбайт деген божомолдор бар, кытай да ушул жылдын апрелинде С-400дү сатып алып, санкциялардан жапа чекти.

Индияга карата кандайдыр бир анчалык маанилүү эмес жазалоо чаралары колдонулса, алар АКШ менен болгон мамилеге олуттуу таасирин тийгизбейт. Эки тарап тең кытай, Пакистан жана Инд-Тынч океан региону боюнча тынчсызданууну жакшы түшүнөт. Ошондуктан, алар менен болгон мамиеле С-400дү сатып алгандан кийин деле өзгөрбөйт.

Булак: http://eurasia.expert/rossiya-indiya-i-kitay-mogut-zaklyuchit-soglashenie-o-torgovle-v-natsvalyutakh-indiyskiy-ekspert/?fbclid=IwAR3Wa1TYqhIiEthuzAGxKIM8rRJg0MmUv9THqEiSzTRr4ZM1hKh3swfh_ms