Коркпой жазышса болот... WhatsApp көптөн күткөн кызматты кошот

3 ноября 2020 Коркпой жазышса болот... WhatsApp көптөн күткөн кызматты кошот

Эми колдонуучулар кызматтын жардамы менен жеке жана тайпадагы жазышууларды эки жактан тең жети күндүн ичинде өчүрө алат.

Жакында WhatsApp популярдуу мессенджеринин катталуучулары кийин өзү өчүп кала турган билдирүүлөрдү жөнөтө алышат. Бул тууралуу программанын иштеп чыгуучулары кабарлаганын РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, колдонуучу опцияны өзү кошуп алып, жеке жана тайпадагы жазышууларды эки тараптан тең жети күндүн ичинде өчүрө алат. Кызматты жандырганга чейинки жазышуулар өчпөйт.

Иштеп чыгуучулар эскерткендей, билдирүүлөр өчүрүлгөнгө чейин башка жакка жиберилип, көчүрүп алынып же сүрөткө тартылып калышы мүмкүн. WhatsApp буга жоопкерчилик албайт.

Бул функция бардык платформаларда жеткиликтүү болмокчу.

sputnik