УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды

2 ноября 2020 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы ишкерлерден акча талап кылып, опузалап, коркутуп жүргөн уюшкан кылмыштуу тортун төрт мүчөсү кармалганын кабарлады.

31-октябрда кармалган бул төрт адам ишкерлерди курулуш материалдарын сатып алабыз деп алдап чакырышып, күч колдонуп 3800 долларын тартып алышкан.

Ошондой эле алар ишкерлерге "100 миң доллар карызбыз, айына 20 миңден төлөп турабыз" деген тил катты күчтөп жаздырышкан. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) кылмыш иши ачылды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Буга чейин "мыйзамдагы ууру" аталган, кылмыш дүйнөсүнүн ири мүчөсү Камчыбек Көлбаев да кармалган эле. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу бүгүнкүгө белгиленген соту 3-ноябрга которулду.

azattyk