Митингден жарадар болгон жаран комадан чыкты

2 ноября 2020 Митингден жарадар болгон жаран комадан чыкты

5-октябрда башталган массалык башаламандык учурунда катуу жарадар болуп, комада жаткан 24 жаштагы жигит эсине келди. 2-ноябрда аны саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып көрдү.

Жарадар жигит Бишкектеги травматалогия, ортопедиа илим изилдөө институтунда дарыланып жатат. Мекеменин директору Сабырбек Жумабеков бейтап комадан чыкканы менен саламаттыгын калыбына келтирүү узакка созуларын маалымдады.

Митингдерден кийинки башаламандыктан жабыркаган дагы жети киши ооруканада дарыланууда.

5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда 1250 адам жабыркап, 279 киши ооруканага жаткырылган. 19 жаштагы бир адам каза болгон.

azattyk