Бишкектеги 6-митинг: Курсан Асановдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулду

2 ноября 2020 Бишкектеги 6-митинг: Курсан Асановдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулду

Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакта болсун деп чечим чыгарып, бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына келген 50-60тай киши Асановду эркидикке чыгаргыла деп талап кылууда.

Эске салсак, Асанов Бишкекте 6-октябрда болгон башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. УКМКдан ал массалык башаламандыкты активдүү уюштургандардын бири болгон деп эсептелип жаткандыгын айтышкан.

"Дордойдун" сатуучулары өкмөт үйүнө күч менен кирүүгө аракет жасашты. Видео

Биринчи май райондук соту аны 10-декабрга чейин камакта болсун деп чечим чыгарып, бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте мындан тышкары беш митинг өтүүдө. Алар: "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болгондор, аны колдогондор, кыргыз-кытай чек арасынан жүктү өткөрүү көйгөйү жанына баткандар, "Дордой" базарынын сатуучулары жана саясий куугунтукка каршы болгон "Айымдар кыймылынын" акциясы. Булардан тышкары, өкмөт үйүнүн алдына чогулган дагы бир топ чакан насыя берчү компаниялардын ишине нааразы болуп, кредиттик мунапыс талап кылууда.



sputnik