Коомго кошкон салымыңарды баалайбыз! Жапаров маданият өкүлдөрүн куттуктады

2 ноября 2020 Коомго кошкон салымыңарды баалайбыз! Жапаров маданият өкүлдөрүн куттуктады

1995-жылы 2-ноябрь — Маданият кызматкеринин күнү деп кабыл алынган. Бүгүн маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин кесиптик майрамы 25-жолу белгиленип жатат.

Өнөр адамдарынын көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымын жогору баалайбыз. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

“Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат”, — деп айтылат куттуктоодо.

Жапаров маданият кызматкерлеринин эмгеги ар дайым коомдо жогору бааланарын белгиледи.

“Сиздер улуттук асыл дөөлөтүбүздү, кылымдан бери келе жаткан нарк-насилдүү салтыбызды жаштарга үйрөтүп-жеткирип, урпактарга багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ болдуңуздар. Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз”, — деген ал.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчынын милдетин аткаруучу театр, кино, сүрөт, музыка жана жалпы маданият жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жаткан мекендештерибизге ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Белгилей кетсек, 1995-жылы 2-ноябрь — Маданият кызматкеринин күнү деп кабыл алынып, бүгүн маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин кесиптик майрамы 25-жолу белгиленип жатат.

sputnik