Мирзиёев 10 000 кадам жөө жүргөндөргө акча берүүнү убада кылды

2 ноября 2020 Мирзиёев 10 000 кадам жөө жүргөндөргө акча берүүнү убада кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чыгарган жаңы жарлыкка ылайык, бир күндө 10 000 кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3000 сум берилет.

3000 сум - кыргыз валютасында 25 сомдун тегерегиндеги акча болот.

Жаңы планга ылайык, күнүмдүк акы чогулуп отуруп, ай сайын ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум ыйгарылат. Ал эми облустагы эң көп жөө баскан адам 500 миң сум, республика боюнча эң көп баскан жаран миллион сум алат.

Акчалай сыйлык каралган "Сергек жашоо" платформасы 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Ага 18 жаштан өткөн өзбекстандыктар катышса болот.

Сыйлыкка каражат бюджеттен бөлүнөт.

Азырынча ким канча жөө басканы кандай ыкмада аныкталары тууралуу эрежелер так эмес.

azattyk