Ондогон кеме жана суу түбүндөгү кайык, ракетага каршы коргонуу тутумдарына туруштук берүү, глобалдык ыкчам сокку уруучу стратегия — Пентагон "Арли Бёрк" тибиндеги эскадрильялык мина ташуучу гиперүндүү ракеталар менен кайра куралданууну чечти.
Дымактуу долбоор жетимиштен ашуун "вымпелди" кайра жабдууну боолголойт. Бирок баары оңой-олтоң эмес — ракета азырынча жакшыртыла элек болсо да, эсминецтерге терең заманбапташтыруу талап кылынат. Америкалык гиперүндүү аппараттын көйгөйлөрү тууралуу Николай Протопоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Тез боло койбойт
Пентагондун планы боюнча гиперүндүү куралга адегенде "Виргиния" жана "Замволт" эсминецтерин жаңы атомдук субмариналарды которушат. Андан соң АКШнын Аскердик деңиз күчтөрүнүн эң массалык сокку уруучу "вымпели" болгон "Арли Бёрк" тибиндеги кемелер.
Америкалык гипер үндүү ракеталар көлөмүнөн улам эсминецтердин ячейкасына батпайт, бул да долбоорго кыйынчылык туудурат. Кемелерди олуттуу заманбапташтыруу талап кылынат: кое берүүчү модулдарды ичи кенен түрлөрүнө алмаштыруу, ошондой эле окту тескөөнүн штаттык тутумдарын иштеп чыгуу зарыл. Буга канча каражат, канча убакыт керектелери али белгисиз.
АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн суудагы кемелеринин көбүнүн абалы канааттандырарлык эмес, муну Пентагондогулар деле моюнга алат. Ошентип, "Арли Бёрк" эсминецтеринин дээрлик отузунун иш мөөнөтү бүтүп барат, ал эми жүз миллиондогон доллар сарпталган заманбапташтыруу жагдайды анчалык деле жакшыртпайт. Кеме радарларын тейлөөдө жана күч орнотмолорун ишке жарактуу кармап турууда көп кыйынчылыктар жаралат.
Эскилиги жетип бараткан эсминецтерди жаңы ок атуучу орнотмо гипер үндүү куралдар менен жабдуу максатсыз экени айдан ачык. Эксперттердин пикиринде Пентагондун ооз көптүргөн билдирүүлөрүнө карабастан, бул кемелер "Томагавк" канаттуу ракеталар менен гана калышат.
"Тез арада ушунча эсминецти кайра жабдый алышпайт, — деп белгилейт аскерий серепчи Алексей Леонков. — Программа болду-болбоду эки багыт менен жүрөт: "жапжаңы" "Арли Бёрк", ага кошумча гипер үндүү ракеталарды коё берүү орнотмолорду гана заманбапташтырышат. Америкалыктар баага баш оорутушпайт, бүгүн алар дүйнөлүк тең салмактуулукту теңдөө жана үстөмдүк позициясын кайтаруу үчүн кандай сумма болбосун сарптоого даяр".
Ары арзан, ары дурус
Өз кезегинде америкалык аналитиктер флотту гипер үнгө кайра жабдуу программасын ийгиликтүү ишке ашырууга жаңы эсминецтер же чакан көлөмдөгү ракеталар керектелерин болжошот. Алгачкы варианттын артыкчылыктуу, Пентагондогулар ракетаны эбак тандаган шекилдүү.
"Флот үчүн негиз катары кургактагы күчтөр үчүн тандалган — Advanced Hypersonic Weapon программасын тандап алышты, — деп тактайт Леонков. — Эки баскычтуу, катуу отун менен иштейт. Биринчи баскыч — ылдамдатуу, экинчиси — пландоочу блок.
Деңизге ылайыкталган ракеталарды "Арли Бёрк" эсминецтерине гана эмес, "Огайо" жана "Виргиния" тибиндеги суу алдындагы кайыктарга да орнотуп жатышат. Аларды азыр дал ушул үчүн заманга бапташтырууда".
Пентагондо жаңы муундагы кеменин долбоору дале изилденүүдө. DDG Next эсминецин "Арли Бёрк" аппаратына караганда көлөмүн кичирейтип, ошол менен бирге эле ок атуучу орнотмолорун кенен коюп, күчтүү курал менен жабдуу пландалууда.
Эске салсак, америкалыктар "Бёрктерди" алмаштыргылары келген, бирок майнап чыккан эмес. Технологиялык жактан алдыга озгон Zumwalt эсминецтери бир топ көлөмдүү болуп, аскердик моряктарга далай түйшүк туудурган. Чала бүткөн жабдуу жана куралдын айынан алардын ынанымдуулугу жана пайдаланууга жарамдуулугу өтө шек жаратат.
Ошентип, алгачкы "Замволттун" сууга коё берилишинен бир апта өтпөй эң башкы күчтүү орнотмосу иштен чыккан. Кеме Панама каналында өчүп калып, аны оңдоо үчүн жакын жердеги аскердик-деңиз базасына жеткирүүгө туура келген. Кийинкисинен да электр жабдуусунан көп мүчүлүштүктөр чыккан. Баасы жагынан "Замволттор" авиаташуучулар менен бирдей эле. Ар бир эсминецке америкалык бюджеттен болжол менен 4,5 миллиард доллар сарпталган. Натыйжада пландалган 32 кеменин ордуна Пентагон үчөөнө гана ыраазы болгон.
"Замволтторду" гиперүндүү курал менен жабдуу чечими аларды пайдаланууга орун таппагандыгына байланыштуу өңдөнөт. Кемелер ишке же согуштук аракеттерге жараксыз болгондуктан, командачылык аларды жаңы ракеталарды сыноо үчүн платформа катары кароодо.
Буталарын бура бастырбастар
Суу алдындагы кемелер — эң оболу көп буталуу "Виргиния" субмариналары. Аларды 2028-жылга дейре кайра куралдандыруу пландалууда. Суу түбүндөгү кайыктар планетанын каалаган бурчунан бир саат ичинде өзөктүк эмес даректүү сокку ура ала турган глобалдык ыкчам сокку программасына киргизилет.
Кургактагы күчтөр гиперүндүү комплекстердин карлыгачтарын 2023-жылдан эрте албайт көрүнөт. Россияда бул менен эбак куралданышкан, машыгууларда улам пайдаланылып келет. Жерге ылайыкталган "Авангард" стратегиялык багыттагы комплекс жөнүндө 2018-жылдын жазында эле белгилүү болгон. Сокку уруучу бөлүгү — өтө жогорку температурага туруштук бере алчу пландоочу блок жана УР-100Н континенттер аралык ракетасы. Атмосферанын тыгыз катмарында саатына 25 миң чакырымга чейин күүлөнө алат.
Комплексти эки жыл мурун сериялык өндүрүшкө берилип, ал эми "Авангард" менен куралданган биринчи полк аскердик нөөмөткө 2019-жылдын декабрында кирген. Быйыл жыл соңуна дейре Россиянын Коргоо министрлиги Оренбург облусунда дагы эки ракетага инфраструктура камдайт.
Флот да андан артта калган жок. Октябрдын башында Башкы штаб "Адмирал Горшков" фрегатынын бортунан гиперүндүү "Циркон" канаттуу ракетасы сыналганы туурасында маалымдалган.
Курал сегиз Махтан ашуун (саатына 9,5 миң чакырымдын тегерегинде) ылдамдатып, 4,5 мүнөттө 450 чакырымга учкан. Келечекте ракета буталарын миңдеген чакырым аралыктан талкалап, тогуз Махка дейре тез уча алат.
Комплекс 2021-жылы ишке берилет. Аларды азыркы жана курулуп жаткан кемелер, суу түбүндөгү кайыктар менен жабдышат. Атап айтканда, 2025-2026-жылдар аралыгында Аскердик-деңиз флоту үчүн 22350 долбоорунун эки фрегаты курулат.
"Циркон" менен куралданган тун субмарина "Ясень-М" долбоорунун көп буталуу "Казань" суу алдындагы атомдук кайыгы болмокчу. Моряктарга аны декабрда тапшырышат, ушул тапта кайык сыноодон өтүүдө.
Андан сырткары, Россия көккө ылайыкталган "Кинжал" гиперүндүү куралына ээлик кылат. МиГ-31К колго түшүрүүчү аппараты 2017-жылы чыгарылган ушундай ракеталар менен жабдылат. Түштүк аскердик округда бир нече ракета ташуучу жайгаштырылган, ал эми 2024-жылга дейре Красноярск крайындагы авиаполк дагы "Кинжалдар" менен жабдылат. Комплекс эки миң чакырымга чейинки ыраактыктан буталарын жок кыла алат. Куралдар кадыресе жана атайын өзөктүк дүрмөттүү да болушу мүмкүн.
Россия курал кеме эсминец бута АКШ