Бишкекте адам жүзүн тааныган дагы 70 камера орнотулат

30 октября 2020 Бишкекте адам жүзүн тааныган дагы 70 камера орнотулат

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда кабелди орнотуу иштери аткарылып жатат. Камералар калаанын сегиз көчөсүнө коюлат.

Бишкектин Ленин районуна адамдын жүзүн тааныган системасы бар 70 видеокамера орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Камералар Сухомлинов, Жунусалиев, Жаманбаев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектешкен аймакка орнотулат. Учурда магистралдык кабель коюу иштери башталды.

Мониторинг пульту Жунусалиев көчөсүндөгү милициянын №2 шаардык бөлүмүнө орнотулмакчы.

sputnik