Ошто Франциянын президентине каршы акция уюштурулду

30 октября 2020 Ошто Франциянын президентине каршы акция уюштурулду

Ош шаарында Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акция уюштурулду.

30-октябрда Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөр калаадагы жолдордун жүргүнчүлөр өтчү жерлерине жабыштырылды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы мунун тастыктап, аны ким уюштурганы азырынча белгисиз экенин билдирди.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген.

Макрондун чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылып, мусулмандарга каршы күрөш катары мүнөздөлгөн. Ушундан улам эки өлкөнүн дипаломатиялык алака-каташы чыңалып турат.

Франциянын президентине мусулман коомчулугунун айрым катмарынын нааразы маанайы күч алып турган учурда Ницца шаарында 29-октябрда бычак менен куралданган белгисиз адам чиркөөнүн жанында үч адамды өлтүрдү. 

azattyk