Биринчи вице-премьер Артем Новиков Садыр Жапаровдон кийин президенттин милдетин аткарар-аткарбасы тууралуу айтты.
Биринчи вице-премьер Артем Новиков президенттин милдетин аткаруучулук боюнча өз пикирин айтты.
"Бул боюнча юристтердин жана серепчилердин ар кандай пикирлери бар. Ачыгын айтсам, менде президенттин милдетин аткаруучулукка чейин барууга саясий амбициям жок. Учурда менин алдымда финансы-экономикалык тармакта бир топ тапшырмалар турат", — деди Новиков.
Эске салсак, өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирген. Анын милдетин андан ары ким аткарат, азырынча белгисиз. Ал эми премьердин биринчи орун басары болуп Артем Новиков иштеп жатат.