COVID-19 жугузуп алган киши кайсы учурда өтө кооптуу

30 октября 2020 COVID-19 жугузуп алган киши кайсы учурда өтө кооптуу

Эпидемиолог коронавирус жугузуп алган киши айланадагылар үчүн кайсы учурда коркунуч жаратарын түшүндүрүп берди.

COVID-19га кабылган адам оорунун симптомдору пайда болгонго чейинки эки күн жана оорунун алгачкы күнү башкалар үчүн көбүрөөк коркунуч жаратат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдирди.

"Вируска кабылган кишиден илдетти жуктуруп алуу кооптуулугу күчөп турган мезгил — симптом пайда болгонго чейинки эки күн жана жаңы ооруй баштаган учур. Ошондой эле ооруганга чейинки төрт, ооруй баштагандан кийинки төрт күн ичи дагы обочолонуп туруу зарыл. Оорунун бешинчи күнүнөн тарта вирусту башка бирөөгө жугузуп коюу коркунучу бир топ азаят", — деди дарыгер.

Адис эске сала кеткендей, коронавирус аба аркылуу жугат. Вирусту таратып жибербеш үчүн ооруган адамдын бет кап кийип жүргөнү туура.

sputnik