Мейманканада кайсы жерлер кир болорун кызматкерлер санап беришти

30 октября 2020 Мейманканада кайсы жерлер кир болорун кызматкерлер санап беришти

Пандемиядан соң жабылып кайра ачылган кырдаал көптөрдү жоопкерчиликтүү болууга, буюмдарды дезинфекциялап турууга тарбиялады.

Отелдин кызматкерлери номерлердин ичинде эмне буюмдар жана кайсы жерлер эң кир болорун айтып беришкен. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Учурдагы коронавирустан улам дүйнөдөгү отелдер тазалоо технологиясын караштырып, жаңылап жаткан учуру. Атын ачык айткысы келбеген мейманка кызматкери номердеги эң эле кир деген жерлерди санап, сап башына тиш жууган щеткалар салынган стакандарды атады. Буга себеп, көп учурда жакшылап жууп чыкпай, шашкандыктан чала-була чайкап койгондук себеп болот экен.

"Мындан сырткары, көп колдонулбагандыктан тура берип түбүнө чаң чогула берет. Дагы бир буюм — телевизордун пульту. Аны көп учурда сүртүп-тазалашчу деле эмес", — деп айтып берген кызматкер.

Азыркы абал майда буюмдарды да дыкат кароого мажбурлап жатат. Себеби мейманканалардын пандемиядан соң жабылып кайра ачылган кырдаалы көптөрдү жоопкерчиликтүү болууга тарбиялады.

Анткен менен учурда кооптуу делген жерлер каалганын туткасы, электр жарыгын күйгүзүп-өчүргүчтөр, пульттар тыкыр дезинфекцияланган буюмдардын катарына кирип калганы айтылды.

sputnik