Садыр Жапаров: Коррупцияны конституциялык реформадан кийин жойбосок, азыр жоюу татаал болууда

29 октября 2020 Садыр Жапаров: Коррупцияны конституциялык реформадан кийин жойбосок, азыр жоюу татаал болууда

Коррупцияга каршы күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн ушу тапта өтүп жаткан жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жемкорлукту жоюуга шарт түзүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл болууда:

“Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат”.

Жапаров өкмөт мүчөлөрүнөн көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарды күтөрүн айтып, бюджеттин абалы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр начар болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сом болууда. Ал эми ички дүң өнүм былтыркы жылга салыштырганда 6 пайызга төмөндөп кетти. Айыл чарбадан башка сектордун бардыгында көрсөткүчтөр начар экени белгиленди.

Садыр Жапаров өкмөттү 6-октябрдагы бийлик алмашуудан кийин жетектеп келе жатат.

Буга чейин Кыргызстан бюджеттин тартыштыгына байланыштуу маселени чечүүгө, коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюуга жана президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө эл аралык уюмдардан жана өнөктөш өлкөлөрдөн жардам сурап жатканы расмий айтылган.

 azattyk