Блогер Варламов Кыргызстанга баасын берип, Япония менен бир катарга койду

28 октября 2020 Блогер Варламов Кыргызстанга баасын берип, Япония менен бир катарга койду

Буга чейин Илья Варламов Кыргызстанга келип, Бишкек бийлигинин ишин сынга алган. Мэрия буга флешмоб менен жооп берген.

Россиялык саякатчы-блогер Илья Варламов Кыргызстанды кадыресе жакшы өлкө катары сыпаттады.

Мындай публикация анын Instagram баракчасынын Stories бөлүмүнө жарыяланды.

Блогердин катталуучулары ал барып келген топ-5 мамлекетти атоону суранышкан. Варламов көңүлүнө жаккан өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан, Жаңы Зеландия, Дания, Япония жана Түштүк Африка республикасын киргизген. Ал эми экзотикалык мамлекеттер катары Эритрея, Йемен, Афганистан, Мьянма жана Уругвайды атаган.

Эске салсак, 15-сентябрда Варламов өзүнүн Youtube каналына Бишкектен тартылган видеосун жүктөп, калаа бийлигин сындаган. Кийин шаар мэриясы блогерге сыны үчүн ыраазычылык билдирип флешмоб уюштурган.



sputnik