COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти

28 октября 2020 COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти

Коронавирус дагы эки кишини мертинтип, ушуну менен Кыргызстанда вирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны жалпысынан 1 138ге жетти.

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Жалал-Абад облусунун жашоочулары болгон.

Ушуну менен COVID-19 Кыргызстанда 1 138 адамдын өмүрүн алды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда оору жуктургандардын саны 57 276га жетсе, анын 48 637си дартты жеңип, айыкты.



sputnik