Мухамеммед пайгамбардын карикатурасы Франциянын мэриясынын дубалына илинди

28 октября 2020 Мухамеммед пайгамбардын карикатурасы Франциянын мэриясынын дубалына илинди

Charlie Ebdo журналына жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын сабакта көрсөткөн мектеп мугалими Самуэль Патинин башын 18 жаштагы чечен кесип салган. Ушуга байланыштуу Франциянын Монпелье шаарындагы мэрия дубалына карикатура илинди.

Буга чейин Париждин борборунда жана башка шаарларында каза болгон мугалимди эскерүү акциясы өткөн. Эл көчөгө сөз эркиндигин жана мугалимдерди колдоо ураандары менен чыккан.

Самуэль Патини 16-октябрда Парижге жакын Конфлан-Сент-Онорин шаарында өлтүрүп кетет. Кылмышкер Абдулох Анзоров колледждеги мугалимдин башын кесип, кылмышын видеого тартып, интернетке жүктөгөн. Кийин полиция кылмышкерди атып өлтүрөт.

Кылмыштын себеби – бир нече жыл мурда белгилүү Charlie Hebdo журналы жарыялаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасы эле. Пати бул сүрөттү Франциядагы сөз эркиндигине арналган сабакка байланыштуу студенттерге көрсөткөн болчу.