Муну жасаган аялдын күйөөсү эч качан көңүлдөш издебейт (+21)

28 октября 2020 Муну жасаган аялдын күйөөсү эч качан көңүлдөш издебейт (+21)

“Көңүлдөш”... Аты ушундай жаман, ээ?! Мындай учурга туш болбоонун жолу мындай.

Аталышынан ат үрккөн ушул “көңүлдөш” деген сөз көп үй-бүлөнү ойрондоп кеткени белгилүү. Канчалаган бала атасыз калып, канча үй-бүлө бузулду. Ошентсе да, ушул жагымсыз учурдун көп себебин эл аялдан көрөрү жашыруун эмес. Туура, башка себептери бар чыгар, бирок аялга да катыштуу экенин жок дешке болбойт.

Эркекке бир гана даамдуу тамак жасап берүү жетиштүү эмес. Анын көңүлүн башка нерселер менен арбап, убакты сааты келгенде аял - өзүнүн аял экенин “билдирип” турушу маанилүү. Алардын бири – эротикалык массаж. Жо-оок, туура эмес ойлобоңуз. Никелүү түгөйдүн жыныстык карым-катнашында массаждын ролу чоң. Ишке ашырып көрсөңүз натыйжа болору анык.

Кандай масаж жасоо керек? Анын түрлөрү көп, төмөндө карап чыгалы.

  • Аркасын сыйпалоо
  • Акырын гана тырмак менен тырмалоо
  • Кулактын кемирчегин укалоо же тиштегилөө
  • Чачтын арасын манжа менен сылап, акырын тырмоо
  • Моюнду айландыра укалоо
  • Эки ийиндин тегерегин укалоо
  • Эки таманды укалоо
  • Балтырды укалоо

Акыркысы – эротикалык аймакка жасала турган массаж. Бир үй-бүлө болгондуктан, мындан уялуунун кереги жок.

Мунун баары ар бир эркектин аялы жасаган жана жасоого болгон түрлөрү. Массаж жасоо учурунда эркекке жаккан музыка менен алсыз гана жарыгы бар бөлмө жана жайлуу төшөк гана керек.

Массаж жасаган учурда ылдамдыкты бирде күчөтүп, бирде жайлатып олтуруу да техникалык маанилүү нерсе. Эгер күйөөңүзгө жасалган массаж өзгөчө таасир калтырса (сөзсүз калтырат!), үйдө экөөңүздөр жалгыз кала тургандай шарт түзүүгө аракет кылат. Ушул кадамдар үй-бүлөнү сактап калууга аз да болсо жардам берет деген ишеним зор.