Беш кыздын атасы курсактагы баланын жынысын билүү үчүн кош бойлуу аялынын ичин кесип көрдү

27 октября 2020 Беш кыздын атасы курсактагы баланын жынысын билүү үчүн кош бойлуу аялынын ичин кесип көрдү

Индияда 5 кызы бар 43 жаштагы эркек аялынын курсагындагы баланын жынысын билүү үчүн анын ичин кесип салды.

Индиянын Бадаюн шаарындагы 43 жаштагы үй-бүлө башчысы Панналал аттуу эркек киши кош бойлуу аялы Анита Девиге кол салып, ичин жарып салган. Жубайлардын беш кызы болгон, ал эми мураскер уулдун дүйнөгө келишин абдан күткөн киши ушундай жол менен туула элек баланын жынысын билүүнү каалаган.

Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, жергиликтүү дин кызматкери Панналалга жубайынын кыз төрөйт экенин айтат. Ачууланган күйөөсү алгач аны аборт жасатууга мажбурлаган. Бирок, 35 жаштагы Анита баланы калтыруу үчүн аягына чейин күрөшкөн.

“Ал беш кыз төрөгөнү үчүн эжемди көп урчу. Биздин ата-энебиз бир нече жолу аралашкан. Бирок, эч ким аны мындай жаман кадамга барат деп ойлогон эмес”,- дейт Анита Девинин иниси.

Аял оор абалда ооруканага жеткирилип, күйөөсү камакка алынды. Эркек бул ишин кокустук деп айткан. Күйөөсү аялынын курсагына сайылган орок оор жаракат алып келиши мүмкүн эмес деп ойлогон эмес экен.