Ушул каталарды кетирген эркек менен аял бир төшөккө жаткысы келбейт

27 октября 2020 Ушул каталарды кетирген эркек менен аял бир төшөккө жаткысы келбейт

Түгөйүңүз кумарыңызды күтүүсүздөн ойготуп жиберсе, анда сөз башка... Аялдын көңүлүн табуу оңой эмес. Ал эми төшөккө келгенде аял менен мамиле абдан этият болгон туура. Антпесе, көңүлү бир калган назик жан дене жакындыгында ачыла албай калышы мүмкүн.

Эркек жыныстык катнаштын сапатына маани бербесе...

Төшөктөн катнашынан ырахат алууда эркектин да каалоосу болушу маанилүү. Ал жөн гана “бел суусун бошотуу” болбошу керек. Эркекте да даярдык болушу керек. Аял каалоосуз жакындыкты дароо сезет. “Милдетимди гана аткарсам болду” деген эркектин кучагына аял экинчи жолу киргиси келбейт. Каалооңуз жок болгон күнү өзүңүздү да, жарыңызды да кыйноонун кереги жок.

Эркек аялды денесин билбесе...

Эркек аялдын денесин жакшы билиши керек. Бир гана тукум улоо үчүн “кызмат кыла калуу” туура эмес. Аялдын денесиндеги дүүлүктүрүү чекиттерин, кытыгысы бар жерлерин билүү керек. Албетте, ал үчүн түрдүү эксперименттерди жасоо керек. Бирок, изилдеш керек экен деп ар нерсени жасай берүү туура эмес, тескерисинче аны аялга сездирбей, ар бир кошуулууда бир жаңылык ачып турууга болот.

Үн чыгарбаган эркек...

Жыныстык катнашта аялдар лаззат алганын үн чыгаруу аркылуу билдирет. Ушул сыяктуу, аялдар да эркектин өзүнөн рахат алганын билдиргенин каалайт. Үнсүз эле ишин бүтүргөн эркек да аялга күмөн туудурат.

Тазалыкты сактабаган эркек...

Тазалык – бардык адамдарга мүнөздүү. Ал эми жыныстык катнашка келгенде андан да маанилүү. “Эркек маймылдан бир аз сулуу болсо жетет” деген сөз – тазалыкты сактабай эле койсо болот деген сөз эмес  (маймылдар да тазалыкты сактаса керек...). Эркектин да денесинен жуунучу гелдин, атырдын жыты, чачынан шампундун жыты чыгып турушу керек. Аялдардын тазалыкка көңүл буруусу табиятынан белгилүү. Ошондуктан, жумуштан келе калып унаа майынан калган колдогу так, тамекинин же сыранын жыты, эртеден кечке иштегенде чыккан тердин жыты сыяктуулардын баарын уктоочу бөмөгө “ала кирүүнүн” кереги жок. Төшөктө таза болуңуз.

Бир кыймылды кайталай берген эркек...

“Күндө палоо жей бербей, арасында шорпо ичип туруу керек” деген сөздү эркектер кандай түшүнөрү өздөрүнө маалым, ал эми аялдар үчүн бул төшөктөгү позаларга карата айтылат. Ооба, аялдардын да күндө “палоо жей бергиси” келбейт. Башкача айтканда, күн сайын бир гана позадагы жыныстык катнаштан алар да тажашат. Демек, эркек жыныстык катнаштагы аракетин алмаштырып турушу керек. Башкысы аялдын көңүлүнөн таба билген дурус.