Ботко жебеңиз: Адис эрте мененки тамакка эмне жегенге болбой турганын эскертти

27 октября 2020 Ботко жебеңиз: Адис эрте мененки тамакка эмне жегенге болбой турганын эскертти

Диетолог Инна Кононенко ден соолукка зыян жана эрте мененки тамактануу учурунда семиздикке алып келген тамак-аштарды атады.

Адис эң биринчи тез даярдалуучу дан азыктарын эртең мененки тамактан чыгарууну сунуштады. Анткени, алар кандагы канттын деңгээлин кескин көбөйтүп, инсулиндин бөлүнүшүнө өбөлгө түзөт.

“Натыйжада, ашказанда ботко да, кандагы глюкоза да болбойт жана адам кайра эле тамактангысы келе берет”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, “зыяндуу таңкы тамактар” тизмесине сүткө же ширеге малынган мюсли менен жарма, сендвичтер жана кыям кошулган тосттор кирет.

Муну менен катар, Кононенко шире менен смузинин пайдасы тууралуу кептерди жокко чыгарды. Анын курамында көптөгөн жөнөкөй канттар бар дейт адис. Анын үстүнө фруктозанын өлчөмү да жемиштин түрүнө байланыштуу болот.

“Бул бир жагынан глюкоза, ал эми экинчи жагынан фруктоза. Бардык фруктоза боорго тез өтөт, ал боор майына айланат. Мындан улам биз салмак кошобуз”, - дейт адис.