COVID-19га кабылган бөбөктөр кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Жаңы иликтөө

27 октября 2020 COVID-19га кабылган бөбөктөр кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Жаңы иликтөө

Коронавируска кабылып сакайган балдарда кийин тукумсуз болуп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын педиатрлар союзунун аткаруучу комитетинин төрайымы Лейла Намазова-Баранова билдирди. 

“Бардык ата-энелерди баласы коронавирустан сакайган соң жакшылап көңүл бургула деп чакырам. Биздин иликтөөлөргө караганда, бала симптомсуз коронавируска кабылган күндө дагы организмде бир топ өзгөрүүлөр болот. Маселен, мээнин когнитивдик функциялары 30 пайызга азая түшөт”, — деди дарыгер.

Анын айтымында, эркек балдарда дагы бир көйгөй жаралышы мүмкүн.

“Урологдор менен бирге жүргүзгөн иликтөөлөр баланын келечекте тукум улоо мүмкүнчүлүктөрүнө дагы терс таасирин тийгизери белгилүү болду. Демек, бир канча жылдан кийин эркектер арасында тукумсуздук күч алып, көйгөй жаратышы мүмкүн”, — деди педиатр.

Эске салсак, Кыргызстанда балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиген.

sputnik