Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алар кайсы тармактын адиси

26 октября 2020 Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алар кайсы тармактын адиси

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады.

Анын буйругуна ылайык, Талант Рыспаев менен Элнура Сулайманова президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду.

Ачык маалыматтарга караганда, Талант Рыспаев — Клаусталь университетинин приват-доценти (Төмөнкү Саксония) жана техника илимдеринин доктору (Кыргызстан). Ал 1990-жылдары "XXI кылымдын кадрлары" программасы менен Германияга барып келген. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман факультетинин деканы болгону айтылат.

Элнура Сулайманова "Инспайер Централ Эйжа" коомдук фондун жетектейт.

sputnik