Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды

26 октября 2020 Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үйдү алышкан. Кийин абактагы бир нече саясатчыны чыгарып кетишкен. Алардын арасында Сапар Исаков менен Албек Ибраимов да бар эле. Сапар Исаков буга чейин журналисттерге эркиндикке жети эле күнгө чыкканын билдирген.

“ЖАМК соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна таянып берилген мөөнөттө абакка кайтып келбегени үчүн Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыялады”, — дешти ЖАМКтан.

Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы") ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

13-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшкү саат 13:00гө чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка өз ыктыярлары менен кайтып келишин күтүшкөн. Бирок экөө тең келген эмес. Саясатчылардын каерде жүргөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Буга байланыштуу издөө жарыяланды.

sputnik